Акыркы суткада 14 адамдан коронавирус аныкталды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда акыркы суткада СOVID-19дун 14 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришти.

Оору жуктургандардын бирөө чет өлкөдөн келген.

Учурда 13 адам амбулатордук дарыланууда, бирөө ооруканага жаткырылды.

Маалыматка ылайык, илдетти жуктургандын ичинен экөө гана эки жолудан вакцина алышкан.

11-июлга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Бирок акыркы жумада оорунун көбөйө баштаганы байкалууда.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 201 215 адам COVID-19 жугузган.

Илдеттин кесепетинен каза болгондор 1,5% түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты