Бурулайдын өлүмү боюнча сот болууда

Бурулайдын өлүмү боюнча сот болуудаБишкектин Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча сот башталды.

2018-жылдын 28-майында Бурулай Бусурманкулованы ала качуу жана андан кийин Жайыл райондук Ички иштер башкармалыгынын имаратында өлтүрүлүшү боюнча Марсбек Бөдөшев жана Акмат Сейитов сурак берүүдө.

Соттолуучулардын жактоочулары жабыркаган тарап 2 млн сом моралдык жана материалдык чыгым сураганын маалымдады.

Марсбек Бөдөшев Бурулайды анын макулдугу менен ала качканын мойнуна алды, бирок аны өлтүргөнүн мойнуна алган жок. Ал эми   кылмышка катыштыгы бар Акмат Сейитов коюлган күнөөнү мойнуна алган жок.

Айта кетсек, Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча бардыгы болуп 23 милиция кызматкери кызматынан четтетилген.  

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты