Талас: Буурчак заводу ачылды

Талас: Буурчак заводу ачылдыПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы «Азра» компаниясынын буурчакты кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү жана мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Мамлекет башчы Кыргызстанда өстүрүлүп жаткан буурчак эл аралык аренада жогору  суроо-талапка ээ экендигин белгиледи. Өлкөбүз жылына 90 миң тонна экспорттоп, 70 млн. доллар пайда табат. Буурчак өндүрүүдө 150 миңден ашуун адам эмгектенет.

Сооронбай Жээнбеков завод 250гө жакын жергиликтүү тургунду жумуш менен камсыз кылганын канааттануу менен белгиледи. Буурчак 25 өлкөгө, анын ичинен Иран, Түркия, Индияга экспорттолот.

«Азра» компаниясынын негиздөөчүсү Миргазы Оморов 1997-жылы түзүлгөн компаниянын иши менен тааныштырды. Ал жылына орточо эсеп менен 15 миң тоннадан ашуун буурчак экспорттойт, буурчакты тазалоо боюнча эки завод, өлчөө жана таңгактоо өндүрүшүнүн күнүмдүк орточо кубаттуулугу 250 тонна, ошондой эле Кыргызстан боюнча 700 га ашуун жерге алма багы отургузулган.

Мектептин ачылышы

Талас: Буурчак заводу ачылды

Ушул эле күнү мамлекет башчы Кара-Буурадагы А.Умарбеков атындагы орто мектептин ачылышына катышты.

Мамлекет башчы быйыл республикалыкбюджеттен өлкөдө 156 мектеп, анын ичинде Талас облусунда 22 мектеп курулуп жатканын маалымдады. Айта кетсек, А.Умарбеков атындагы 225 орундуу мектептин курулушуна “Жерүй” кенин иштетүүдөн 24 миллион сом, республикалык бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты