Айрым айлык акылар көтөрүлдү
- 6 лет мурун
- Баяндар
КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев маданият, искусство, билим берүү тармагынын айрым кызматкерлеринин айлык акысын 80%га жогорулатуу тууралуу токтомго кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматы жарыя кылды.
Өкмөт башчынын жарлыгы менен төмөнкү мекемелердин кызматкерлеринин айлык акысы 80%га көтөрүлдү.
- Улуттук академиялык драма театрынын:
- Улуттук орус драма театрынын;
- Ош драма театрынын;
- Улуттук тарых музейинин;
- Улуттук көркөм сүрөт музейинин,
- «Сулайман-Тоо» музей — комплексинин
- «Кыргызфильм» киностудиясынын;
- Бишкек хореографиялык окуу жайынын;
- Музыкалык окуу жайынын;
- Көркөм сүрөт окуу жайынын;
- Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы кызматкерлеринин айлык акысы 80% га жогорулай турганы маалым болду.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!