Дүйнөнүн эң бай адамы Илон Маск эгиз балалуу болгону белгилүү болду

  • 2 года мурун

Америкалык миллиардер Илон Маск менен ал негиздеген Neuralink компаниясынын топ-менеджери Шивон Зилис 2021-жылдын ноябрында эгиз балалуу болушкан. Бул тууралуу Insider басылмасы соттук материалдарга шилтеме берип жазып чыкты.

Forbes USA басылмасынын маалыматына ылайык, дүйнөнүн эң бай адамы ушуну менен тогуз баланын атасы болду.

Insider булак катары көрсөткөн соттук материалдарга караганда, Маск менен Зилис Техас штатындагы Трэвис округдук сотуна балдарынын аты-жөнүн атасы менен апасы экөөнүн тең фамилиясы камтылгандай кылып өзгөртүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Сот алардын бул өтүнүчүн май айында канааттандырган.

Илон Масктын биринчи никесинен беш баласы бар. Тун баласы эки айлык кезинде чарчап калган. Андан кийин 2004-жылы эки эгиз, 2006-жылы үч эм төрөлгөн.

Ал эми экинчи никесинен бир уулдуу жана бир кыздуу болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты