Министрлер кабинети мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясын бекитти
- 2 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында айтылат.
Жаңы кабыл алынган токтомдо тышкы жана ички карызды төлөө, алуу жана башкаруу иш-чаралары жазылган.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карата 5 млрд. 182 млн. доллар экени кабарланган. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга жеткен.
Тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзгөн.
Муну бөлүшүү