Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков жол кырсыгынан каза тапты
- 2 года мурун
Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
24.kg басылмасы билдиргендей, кырсык бүгүн, 7-июлдун таңында болгон. Жанузаков Бишкектен Чаткалга кетип баратканда Чакмак-Суу айылынын жанынан автоунаанын айдоосусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен. Алдыңкы орундукта кетип бараткан прокурор кырсык болгон жерде көз жумган.
![Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков жол кырсыгынан каза тапты](https://pk.kg/wp-content/uploads/2022/07/bezymiannyi.730x0-1-1.jpg)
Юстициянын подполковниги Бакирдин Жанузаков 54 жашта болгон. Чаткал районунун прокурору болуп 2020-жылдын майында дайындалган.
Муну бөлүшүү