УКМК: Чаткалда токой чарбасынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук токой чарбасынын башчысы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, райондук токой чарбасынын башчысы А.К.Д. көчөттөрдү мыйзамсыз кыюу жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине пара сунуштаган.

А.К.Д. 6-июлда 100 миң сом өлчомүндө пара берип жаткан жеринен кармалып, Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгүнүн (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты