Салык кызматы жарым жылда дээрлик 24 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын январь-июнь айларында 23 млрд 828,4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө карата жылдык план 2,5 %га же 588,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 млрд 979,1 млн сомго же 126%га көп чогултулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты