Башкы прокурор менен ички иштер министри Токтогул районунун тургундары менен жолукту

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун тургундары менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар коомдук тартиптин сакталышы жана жарандардын жашоо-турмушуна байланышкан маселелер боюнча өз ойлорун ортого салышты.

Мындан тышкары отуз миңге жакын калкы бар Кетмен-Төбө айылына милициянын айылдык бөлүмчөсүн ачуу, Токтогул районунда туризмди өнүктүрүү, ага ылайык туристтерге ылайыктап шарт түзүү, суу, жер, жайыт маселеси жана ишкерликти өнүктүрүү тууралуу маселелери көтөрүлдү.

Буга чейин президенттин аймактарга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине байланыштуу маселелер көтөрүлгөн. Буга байланыштуу мамлекет башчысы башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбековго өлкөнүн аймактарын кыдырып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер менен жеринен таанышып чыгууну тапшырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты