Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк үч компания КНС төлөй баштады

  • 2 года мурун

Кыргызстандын аймагында электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк үч компания мамлекеттик бюджетке кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү катары катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Яндекс Go, Megogo жана Xsolla компаниялары Салык кызматынын www.vat.salyk.kg электрондук сервисинде аралыктан салыктык каттоодон өтүштү.

Аталган сервис электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС боюнча салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Google салыгы” – жеткирүү орду Кыргызстандын аймагы деп таанылган, Кыргызстанда катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынын 12%ын түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты