Сергек жашайлы, спорт менен машыгалы!

Сергек жашайлы, спорт менен машыгалы!28-29-апрелде Бишкекте өткөрүлгөн V Билим фестивалы сергек жашоо темасына арналды. Ал иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фонду, Бишкек шаар мэриясы жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы тарабынан уюштурулду. Билим фестивалына 170 уюмдан катышуучулар катышып, 17 уюм шериктеш болушту.
Сергек жашайлы, спорт менен машыгалы!Фестиваль сергек жашоого, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, бизди курчап турган айлана-чөйрөнү коргоого багытталды. Сергек жашоого жаштайынан балдарыбызды үйрөтүүнүн чоң мааниси бар. Келечек муундардын иши ийгиликтүү болуш үчүн саламаттыгы чың болушу керектиги фестивалдын негизги маңызын түздү.

Токтобек Иманалиев, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору: “Балдар пайдалуу нерсени  ала алышат»
—Биз балдарыбызды кичине кезинен баштап өз ден соолугуна карамдуу болууга үйрөтүүнү каалайбыз. Ошондо гана биздин келечек муундун саламаттыгы чың болот. Фестивалдын жүрүшүндө балдар өздөрүнө пайдалуу нерселерди ала алат деп тилек кылалы.

Сергек жашайлы, спорт менен машыгалы!Доктуркүл Кендирбаева, “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун директору: “Спортту жайылтууга арналды”
—Биздин жаштар — бул биздин келечек муунубуз, ошондуктан балдардын саламаттыгынын чың болушуна кам көргөнүбүз келечекке кам көргөнүбүз болуп эсептелет. Ошол себептен быйылкы биздин билим фестивалыбыз спортту кеңири жайылтууга арналып отурат.

Канат Аманкулов, КР Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору: “Дары-дармекти эмес, сергек жашоону тандайлы!”Сергек жашайлы, спорт менен машыгалы!
—Сыркоолуу адамдарды дарылоого жана дары-дармектерге жыл сайын чоң суммадагы акча сарпталып келе жатат. Эгер биз сергек жашоого көңүл бура турган болсок, бул чоң каражаттар дарттын алдын-алууга жана билим берүүгө жумшалмак. Эгер ар бир адам кичине кезинен баштап ден соолугуна көңүл буруп, спорт менен алектенип, сергек жашоону баштан кечирсе, оору-сыркоодон алыс болоору шексиз. Бул фестиваль мына ушундай пайдалуу иштерге үндөйт.

Дене тарбия академиясы менен таанышсыңбы?
Фестивалдын ачылышы таасирдүү спорт оюндары менен коштолуп, андан соң келген окуучулар Дене тарбия жана спорт академиясы менен таанышышты. Мага да академиянын залдары абдан таасир калтырды. Айрыкча волейбол, баскетбол, көркөм гимнастика, дзюдо, самбо, таэквондо, бокс, оор атлетика жана башка машыгуу залдары жакты. Андан кийин спорт темасында лекция угуп, белгилүү спортчулар менен жолугушуулар уюштурулду.
29-апрелде фестиваль Бишкек шаарынын 139 жылдыгы күнү менен бирге шаар ичинде өтүп, интерактивдүү аянтчаларда иш-чаралар улантылды.

“Билимбектин лабораториясы”Сергек жашайлы, спорт менен машыгалы!
Иш-чаранын алкагында окуучулардын “Дене тарбия жана сергек жашоо образы” темасына арналган сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Андан сырткары фестивалдын катышуучуларына ар кандай лекциялар, спорт журналисттеринин баяндары, ошондой эле белгилүү спортчулар менен жолугушуулар болду.
“Шаардык маектешүү” жыйынына мектептердин дене тарбия Сергек жашайлы, спорт менен машыгалы!окутуучулары, лицейлердин жана спорттук мекемелердин өкүлдөрү, шаар мектептеринин директорлору, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Дене тарбия жана спорт академиясынын, Бишкек мэриясынын, шаар кеңешинин өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү, шаардык активисттер чакырылган. Жыйында спорт тууралуу көйгөйлөр, кыргыз спортчуларынын жеңиши жана жеңилүүсү тууралуу бир катар маселелер айтылды.
Эки күндүк фестивалдын жыйынтыктоочу күнү ар кандай мастер-класстар, концерт, спектаклдер, көргөзмөлөр шаардыктардын катышуусу менен жогорку деңгээлде өттү. Алсак, “Билимбектин лабораториясы” классында – сүрөт тартуу, аква-грим, квиллинг, оригами, кумга сүрөт тартуу, каллиграфия ж.б. боюнча ар түрдүү мастер-класстар, балдар үчүн оюн аянтчасы уюштурулду. “Спорттук класста” бир нече спорттук оюндар, мелдеш, конкурстар, спорттук көнүгүүлөр, белгилүү спортчулар менен жолугушуулар, Бишкек шаарындагы спорттук жайлар, уюмдардын көргөзмөсү көрсөтүлдү.“Бий” классында Жан Воинов ж.б. белгилүү бийчилер, бий топтору мастер-класстарды өткөрдү. “Китеп” классында китептердин көргөзмөсү уюштурулуп, “Жылдыздар балдарга окуп берет” акциясы, КР балдар жазуучулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. “Концерттик-театралдык” класста балдар чыгармачыл топторунун, кыргыз эстрада ырчыларынын аткаруусунда ырлар, фокустар, балдар спектаклдери көргөзүлдү.

Жазгүл Жекшенова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты