Башкы прокуратура чет өлкө сапарлары боюнча мыйзам бузууларды аныктады

Башкы прокуратура чет өлкө сапарлары боюнча мыйзам бузууларды аныктады

Башкы   прокуратуранын басма сөз кызматы 8-октябрда билдиргендей, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова, министрдин орун басары Лунара Мамытова,  мурдагы орун басары Зууракан Каденованын чет өлкөгө сапарлары жана дипломатиялык паспорт колдонуудагы мыйзамсыз иштерин аныктады.

Министр Таалайкүл Исакунова отпускада жүргөндө дипломатиялык паспортту колдонуп, өкмөт башчыга айтпастан жана анын уруксатысыз АКШга барган, 2017-жылдын 6-9-ноябрында ал “Инновациялар аркылуу туруктуу ишенимге жетишүү” аттуу  үчүнчү глобалдык симпозиумга катышкан. Андан кийин Аргентинага жөнөгөн. Ал жакта,  2017-жылдын 13-15-ноябрында балдардын эмгегин эксплуатациялоо менен күрөшүү боюнча IV Бүткүл дүйнөлүк конференцияга катышканы аныкталган.

Өкмөттөн барбай эле коюу тапшырмасы түшкөнүнө карабастан, 2017-жылдын 16-18-ноябрында Санкт-Петербургга кеткен. Анда КМШ мамлекеттеринин Эмгек, миграция жана социалдык коргоо боюнча жыйынга катышкан.

Министрдин мурдагы орун басары Зууракан Каденова дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгына пайдаланып, 2017-жылдын 24-27-апрелинде Тегеранга барган. Ошондой эле отпуска учурунда 2-сентябрдан 22-сентябрга чейин Сеул шаарына барып окуу программасына катышкан.

2017-жылдан 2018-жылдын сентябрына чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги чет өлкөгө 26 жолу сапарга чыккан. Алардын арасында министр Т. Исакунова 9 жолу (Улуу Британия, Кытай, Россияга 2 жолу, Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Аравиясы, Литвага) барган.

Ал эми министрдин орун басары Лунара Мамытова 3 жолу (АКШ, Германия, Италия), Ж. Полотова 4 жолу (Литва, Казакстанга 2 жолудан, Польша, Бельгия, Германия, Италияга) барган.

Бирок мыйзам тартибин бузуп, алар КР Тышкы иштер министрлигине чет өлкөлүк кызматтык айрым командировкалары тууралуу билдиришкен эмес жана командировка жыйынтыгы боюнча отчет беришкен эмес.

Министр Таалайкүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытова чет өлкөгө кызматтык командировкалары аяктагандан кийин дипломатиялык паспортун тапшырышкан эмес.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты