Кыргызстанда 23 ишкана мыкты салык төлөөчү деп табылды (тизме)
- 2 года мурун
Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын так аткарган 23 компанияны мыкты салык төлөөчү деп таап, сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттуу сыйлоо аземи 1-июлда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Салык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында өткөрүлдү.
Сыйланган ишканалар төрт тармак боюнча өз-өзүнчө тандалган:
- Өндүрүш тармагында «РыбМир”, «Салих», «Ош-Мастер», «Табылгы», «Интерхим», «Ош Сут», «Нур» ЖЧК, «Бай Дыйкан»;
- Курулуш тармагында «Глобал Строй Сервис», «Ак-Тулпар», «Падыша Ата Лимитед»;
- Соода жаатында «Нефтяная компания Сервис», «Мечта Кей Джи», «Айсберг», «INTANT-Bishkek», «Металл Торг Сервис», «Империя пиццы», «Торговый Дом «Керамин»;
- Тейлөө тармагында «Альфа Телеком», «TEZ JET», «City Center», «Билет Стандарт», «Baker Tilly Bishkek» компаниялары.
Мыкты деп табылган ишкананын жетекчилерине сертификат жана төш белги тапшырылды.
Муну бөлүшүү