КСДП фракциясы Атамбаевдин таасиринен чыгып Жээнбековго ооду

КСДП фракциясы Атамбаевдин таасиринен чыгып Жээнбековго оодуЖогорку Кеңештин КСДП фракциясында депутат Рыскелди Момбековду фракциядан чыгаруу маселеси коюлушу мүмкүн.  Депутаттар бул маселени азырынча ачык айткысы келбей жатат.

Депутат Рыскелди Момбеков адегенде өзү андай маселе коюлуп жатканынан кабары жок экенин билдирген эле, бирок бүгүн чынында эле фракциянын кароосуна жума күнү коюлушу мүмкүн экенин, ал андай маселеден коркпой турганын айтып чыкты. 

Эгерде бул маселе коюлуп, сунуш өтүп кете турган болсо КСДП фракциясы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен чыгып азыркы Президент Сооронбай Жээнбековдун таасирине өттү дегенди түшүндүрөт.

КСДП фракциясы Атамбаевдин таасиринен чыгып Жээнбековго оодуАдегенде Рыскелди Момбеков «Мени фракциядан чыгаруу пландалып жатканынан кабарым жок, бирок мага Президенттик аппаратынан азыр чалып, «Эртең Президент иш сапары менен Таласка барат, сизди Сооронбай Шарипович ошол эл менен жолугууларга чогуу катышсын деп жатат» деп айтышты. Мени фракциядан чыгаруу маселеси каралып жатканы калп, муну бирөөлөр эле кылып жатат, аларга ишенбегиле. Кечээ Таласта келдим эле, азыр кайра кетип жатам. Депутаттардын баарынын акыл-эси ордунда, фракцияда мени 100 пайыз колдошот» деп билдирген эле. Бирок, бүгүн депутат кайра комментарий берип, аны фракциядан чыгаруу маселеси жума күнү күн тартибине коюлушу мүмкүн экенин билдирди. «Жума күнү мени фракциядан чыгаруу маселесин күн тартибине коюшарын билдиришти. Койсо кое берсин. Мен чыгуу тууралуу арыз жазбайм» деди депутат.

Буга чейин КСДПнын саясый кеңеши депутат Кожобек Рыспаевди партия катарынан чыгаргандан кийин, аны фракциянын дагы катарынан чыгаруу сунушун жиберген. Бирок, фракция бул сунушту четке кагып, депутат Рыспаев фракциядагы ордун сактап калды.

Маалымат үчүн айта кетсек, КСДП фракциясынын ичинде азыр экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы Президент Сооронбай Жээнбековдун таасир талашып жатканын байкоого болот. Кожобек Рыспаевдин акыркы кадамдарынан анын Сооронбай Жээнбековдун тарапташы экенин билүү кыйынчылык жаратпайт. Аны фракциядан чыгаруу боюнча политкеңештин сунушунун 26 добуш менен четке кагылышынан Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунан чыгып кеткенин болжоого болот. Ал эми фракциядан чыгарылсын дегендердин саны болгону 4 депутат болсо, калганы эт менен челдин ортосунда оюн ачык билдирген эмес.

Ал эми ушул эле фракцияда Алмазбек Атамбаевди ачык жактап жүргөн Рыскелди Момбековду чыгаруу маселеси коюлуп жатканы дагы эки Президенттин ортосундагы таасир талаштын уландысы катары кабылданат. Рыскелди Момбеков Алмазбек Атамбаевди ачык колдогону менен Сооронбай Жээнбековго деле каршы чыкпаган депутат. Анын фракциядан чыгарылып, же калтырылышы көп деле маселени чечип, же коркунучту жаратпайт. Бирок, эгер бул маселе символикалуу көрүнүш үчүн атайын жасалышы мүмкүн. Анткени, азыркы учурда бир туруп Атамбаевди караса, бир туруп Жээнбековду карап, эт менен челдин ортосунда жүргөндөр бир тарабына оогонго түрткү берет.

ПолитКлиника

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты