Үрүмчү — Бишкек авиакаттамы 5-июлдан тартып жанданат
- 2 года мурун
Үрүмчү — Бишкек авиакаттамы 5-июлдан тартып жанданат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган багыт боюнча «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү каттайт. Учуу убактысы — 2 саат.
Үрүмчү — Бишкек авиакаттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган.
Муну бөлүшүү