Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөштү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 4-июлда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жапаров Кыргызстан Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын айтты жана “өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган” аракеттердин аркасы менен Каракалпакстандагы кырдаал жөнгө салынып, андан ары курчушуна жол берилбегенин белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы конституциялык реформалардын жыйынтыктары туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөөрүнө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруунун ишенимдүү кепилдиги болуп кызмат кыларына ишенимин билдирди,» — деп айтылат президенттик администрация тараткан маалыматта.

Мындан тышкары өлкө башчылары 21-июлда өтө турчу Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун күн тартибин талкуулашканы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты