УКМК Манас Арабаевге кылмыш иши козголбогонун билдирди

УКМК Манас Арабаевге кылмыш иши козголбогонун билдирдиПрезиденттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевге карата кылмыш иши козголгону боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, социалдык тармактарда тараган 200 миң долларга пара алуу боюнча документ көчүрмөсүнүн Арабаевге тиешеси жок.

Буга чейин социалдык тармактарда айрым документтердин сүрөтү таратылып, ал Арабаевге козголгон ишке тиешелүү экени жазылган эле.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Манасбек Арабаев “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен 15-майда кызматынан бошотулган. Анын дарегине кызматта турганда «соттук иштерге кийлигишет» деген дооматтар айтылып келген.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты