Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган Марат Токтоучиков 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы жетекчиси Марат Токтоучиковду 2 жыл 6 айга эркинен ажыратты.

Райондук соттун маалыматына караганда, өкүм 27-июнда чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2021-жылдын апрелинде «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен саясат таануучу Марат Казакпаев жана Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы жетекчиси Марат Токтоучиков кармалганын кабарлаган.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Казакпаевге козголгон кылмыш ишин анын каза болгонуна байланыштуу кыскарткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты