Баткенде ишкерди коркутуп, акча опузалаганга шектүүлөр кармалды

  • 2 года мурун

Баткенде «ишкерди коркутуп, акча опузалаган» деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-июнда Баткендин Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын Х.М., аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, Умар аттуу адам айына 500 доллардан берүүсүн талап кылып, коркутканын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (“Опузалап акча талап кылуу”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Кадамжай районунун эки тургуну 16 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган.

Шектүүлөр Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты