Токмокто «карындашын коргоп, адам өлтүрдү» деп шектелген жаран эки айга камалды

  • 2 года мурун

Токмокто «карындашын коргоп, адам өлтүрдү» деп шектелген жаран эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Чүй райондук соту кабыл алганын облустук соттон кабарлашты.

Чүйдө милиция автожолдо тапанчадан атылган октон адам каза болгон окуянын чоо-жайын териштире баштаганын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 1-июлда билдирип, окуя ошол күнү Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында болгонун, 47 жаштагы эркек киши “Тез жардам” барганча көз жумганын маалымдаган.

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Машинанын айдоочусу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, ок чыгарган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде каттоого алынган.

36 жаштагы шектүү Сухраб Жумакулов Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты