Лунара Мамытованын АКШга окууга бюджеттин эсебинен барганы тастыкталды

Лунара Мамытованын АКШга окууга бюджеттин эсебинен барганы тастыкталдыЖК депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Лунара Мамытованын АКШга окууга бюджеттин эсебинен барганын тастыктаган документтерди көрсөттү жана Мамытованын айткандарына жооп берди.  

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигин сындап, алардын чет өлкөгө саякаттарынын бетин ачып, министрликтеги былыктарды ачыктап келатат. Буга аталган Эмгек жана өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова социалдык түйүндөрдө каяша сөздөрүн жазууда. Лунара Мамытова Аида Касымалиева анын классташы экенин, ал депутаттын сындаганы классташ аялдын кызганычы деген сыяктуу мааниде экенин билдирген. Аида Касымалиева Лунара Мамытовага фейсбук баракчасы аркылуу бүгүн, 8-октябрда жооп берди.

Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаты: 

“Лунара Улугбековнанын айтуусу боюнча бул маселе “аялдардын кызганычы, классташ эки аялдын атаандашы” сыяктуу нерсеге өтүп кетти»

“Алдыда абдан иш көп болгон күндөр, жума келди. Ошондуктан жумуш күнүнүн алдында соңку эки маалыматты жазып коеюн.

Комитеттин жыйынынан бери туура эки жума өттү, мен ал жерде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри жана министрдин орун басарлары тууралуу маалыматтарды текшерүү тууралуу тапшырма бергем. Анда жамааттын абалы, пособие, сүйүнчү берүү, жамааттан жана башка жактардан көптөгөн билдирүүлөр (анын баары прессада жарыяланды), бала багып алуу боюнча ызы-чуу—мына ушундай жагдайда жетекчиликтин жүрүш-турушу тынчсызданууну туудурду.

Комитетте мен Лунара Мамытованын атын айткан эмесмин, жетекчиликтин баарынын эки жакка баргандарын текшергиле деген өтүнүчтү айткам. Анын инстаграмдагы кара баскыр сөздөрүн ЖМК өздөрү таап алышты.

Андан бери эки жума өттү, мен өзөктүү маселеден тышкары эч нерсеге жооп берген жокмун.

Лунара Улугбековнанын айтуусу боюнча бул маселе аялдардын кызганычы, классташ эки аялдын атаандашы сыяктуу нерсеге өтүп кетти.

Мен экөөбүздүн бир кезде 2-3 жыл классташ болгонубузду унутуп коюптурмун. Анткени социалдык коргоо жаатындагы көптөгөн көйгөйлөрдүн арасында аныбыз андай деле мааниге ээ эмес болчу.

Лунара Мамытова мен ага ичим күйүп жаткандыгым тууралуу жазгандарынын скриндерин койбой эле коёюн.

Менин эмнеге ичим күймөк эле? Гагарин атындагы мектеп-гимназия мектебинин президенти мен болчумун. Класстын старостасы мен болчумун. Олимпиадаларда орундарды мен алчумун. Класстагы жападан-жалгыз медалист мен болчумун. (Медаль алгандардан дагы бирөө бар эле, бирок ал Лунара Мамытова эмес болчу).

Эфирде ал менин үй-бүлөм тууралуу татыксыз кыйыр, туура эмес маалыматтарды айтты.  Менин үй-бүлөм Оштогу эң сыйлуу бүлөлөрдүн бири.  Мен бакубат интеллигент үй-бүлөдө чоңойгом, мен атам, апам, чоң атам, чоң апам менен аябай сыймыктанам, алар жетекчи кызматтарда иштеген, мектеп директору, мектептин түптөөчүлөрүнөн, китепканачы, инженер болушкан. Мен жакындарым—күйөөм, кызым, кайын-журтум, үч бир тууганым менен сыймыктанам.

Менин эмнем жок десеңер, инстаграмда, Лунара Мамытованыкындай сүрөттөрүм жок, бирок мен “Азаттыктын” журналисти болуп жүрүп, бүт дүйнөнү кыдырдым, Прага, Дубай, Москвада жашап иштедим. Балким ал инстаграмдагы ошол сүрөттөргө ичи күйүп жатат деп ойлобосун деп көпкө ойлондум.

Мен мындан ары мындай майда нерселерге кайрылбайм деп ишенем, анын үстүнө ал сөздү негизги маселеден башкага буруп кетип жатат.

Өкмөттүн ишине мониторинг жасоо, айрыкча бюджет боюнча –Жогорку Кеңештин депутаттарынын негизги милдеттеринин бири.

Эгер биз суроо бере албасак, аларга жооп таппасак, андагы сөздүн баары “классташ”, “жердеш” деген нерсеге өтүп кетет.

Эми чет өлкөгө баруу тууралуу айтсам. Дүйнөлүк банктын чакыруусунун тиркемесинле курстар акы төлөнчү курс болгон.  Мамытова калп айткандай, эч ким эч кимди чакырган эмес, “англис тили” билгендерди да чакырган эмес.

Эгер министр менен орун басарларынын чет өлкөгө баргандарынын таблицасын карасак, алар саны боюнча рекорд койгон—Дүйнөлүк банктын кредит акчасынан  — 436 976 сом корогон. Дээрлик жарым миллион сом кредиттик каражат. Бул республикалык бюджеттен.

Бул каражат Социалдык өнүктүрүү министрлигин реформалоого, маалыматтык системага, мамлекеттик пособиелердин даректүүлүгүнө, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жумшалмак. Бул акчанын баары салык төлөөчүлөрдүн мойнунда.

Ага байланыштуу КР Мамлекеттик пособие тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясында мамлекеттик пособие берүүнү кечиктирбөө жана мамлекеттик пособиени төлөп берүү боюнча 2018-жылдын 1-июлунан тартып киргизүү боюнча бир далай даярдык иштерин жасаш керек болчу.

Бирок, министрдин орун басары Л. У.  Мамытова  2018-жылдын  30-апрелинен 11-майына чейин  социалдык коргоо боюнча базалык окуунун акы төлөгөн курстарына барып жатат. Анын чыгымдарын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги республикалык бюджеттен Дүйнөлүк банктын 436 976  сом кредиттик каражатынын эсебинен чечип жатат.

Министрдин орун басары тейлеген иштин тиешелүү деңгээлде болбогунан улам, жогоруда айтылгандай, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга пособие берүү эки ай бою кармалып калган (2018-жылдын август-сентябрь айларында). Ошентип, калктын аялуу катмарынын кызыкчылыгын коргоонун ордуна Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык түйүндөрдө жана ЖМКда муктаж жарандарга ачык эле кайдыгер жана көңүлкош болуп, аларды “чет өлкөлөрдө саякаттооого” мүмкүнчүлүк катары пайдаланып жатышат.

Эгер министрликтин жетекчилигинин диппаспортторунун бардык барактарын карасак, дагы көптөгөн мындай фактыларды табууга болот” дейт ЖК депутаты Аида Касымалиева. Төмөндө  депутат айткандарын тастыктаган бул маалыматтарды жарыялады.

  • Лунара Мамытованын АКШга окууга бюджеттин эсебинен барганы тастыкталдыЛунара Мамытованын АКШга окууга бюджеттин эсебинен барганы тастыкталды
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты