Өкмөт туризмди күчтөндүрмөй болду

Өкмөт туризмди күчтөндүрмөй болду

Өлкөдө ички дүң продуктунун түзүмүндөгү туризмдин үлүшү 4-5% түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 20% жакын экени өкмөттөгү кеңешмеде белгиленди.   

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде Туризмди өнүктүрүү программасы сунушталды.

«Эгерде 2012-жылы биздин өлкөгө болжол менен 3 млн чет элдик жаран келсе, 2017-жылы бул көрсөткүч 4,5 млн адамды түзгөн. Ички дүң продуктунун түзүмүндөгү туризмдин үлүшү 4-5% түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 20% жакын. Биздин милдет – ИДП туризм үлүшүн 2022-жылга карата 10%га жеткирүү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов маалымдагандай, өлкөнү аймактагы туризм боюнча алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошуу, ошондой эле туристтик агымды ар жыл сайын 10% га жогорулатуу болуп саналат.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү программасын толуктап иштеп чыгууну, ошондой эле туристтик тармакты алга жылдыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын тактап-аныктап көрсөтүүнү тапшырды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты