Министр Исакунованын жумуш сапарларынын баары үйбүлөсүнүн сапарлары менен дал келди

Министр Исакунованын жумуш сапарларынын баары үйбүлөсүнүн сапарлары менен дал келдиЖогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилеринин жумуш сапарларына бюджеттин акчасы менен барып алып, аны жеке эс алууга айладырып алганын далилдеген документтерди жарыялады.

“Эки жума мурда мен комитетте министр Исакуновадан “Сиз менен чогуу жолдошуңуз, уулуңуз барганы чынбы?” деген суроо бергенде, ал “Жок” деп жооп берген. Чек ара кызматынын маалыматтары мына. Министрдин бардык жумуш сапарлары анын жолдошунун, уулдарынын сапарлары меен дал келип жатат. Салыштырып көрсөңүздөр болот. Молдоев Эдилбек, Молдоев Тилек. Башка уулунун фамилиясын билген жокмун. Үйбүлөсү бюджетти акчасынан барга деп эч ким айткан жок, бирок, бардык жумушчу сапарлар үйбүлөсүнүн сапарлары менен дал келип жатканы, белгиленген иш-чараларша катышпаганы, өзүнүн кызматтын абалын, визасын ошол сапарларга колдонуп атканы бул өзү мамлекеттик этиканын бузулушу. Андан сырткары, ал катардагы номерлерден кымбат болгон,  люкс номерлерди талап кылып, ал жакка үйбүлө мүчөлөрүн жайгаштырган. Премьер-министрге маалымат, отчет бербегендигин, уруксаты жок кеткендигин буга чейин мен айткам” деди депутат Касымалиева.

Депутаттын айтымында, ал сапарга барууга Премьер-министрдин макулдугу жок экенине карабай, эмгек өргүүсүнө чыгып алып, дипломаттык паспорту менен ошол иш-чарага барам деп чыгып кеткен. Ал барчу иш-чаралар мамлекет үчүн абдан маанилүү иш-чаралар болгон, мисалы, АКШга барган учурунда ал иш-чарада эл аралык бала асырап алуу маселеси талкууланмак.

Ал эми Швейцарияга болгон сапарына бюджеттен 173 197 сом коротулган, бирок ал иш-чарага министр катышкан эмес.

Министр Исакунованын жумуш сапарларынын баары үйбүлөсүнүн сапарлары менен дал келди Министр Исакунованын жумуш сапарларынын баары үйбүлөсүнүн сапарлары менен дал келди Министр Исакунованын жумуш сапарларынын баары үйбүлөсүнүн сапарлары менен дал келди Министр Исакунованын жумуш сапарларынын баары үйбүлөсүнүн сапарлары менен дал келди

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты