Жыл таймашы: Нурмагомедов Макгрегорду жеңди

Жыл таймашы: Нурмагомедов Макгрегорду жеңди

Дагестандык, аралаш стилдеги күрөшчү Хабиб Нурмагомедов атаандашы ирландиялык Конор Макгрегорду жеңип алып, дүң болду. Макгрегор Нурмагомедовдун кокологон  таймашынан кийин төртүнчү раундда жеңилип берди. Ошентип жеңил салмакта таймашкан Хабиб Нурмагомедов 27 жолку таймашта 27- ийгиликке жетип, чемпиондук наамын сактап калды.

АКШнын Лас-Вегас шаарында 7-октябрда  өткөн бул таймаш россиялык телевидение аркылуу түз алынып берилип, кыргызстандык күйөрмандардын да бүйүрүн кызытты.

Таймашка чейинки жана андан кийинки атаандаштардын, асыресе, Хабиб Нурмагомедовдун,  кылык-жоруктары чектен ашып кеткендиги менен эсте калды. Ошол себептүү чемпиондук титул жеңүүчүнүн катышуусуз жарыя болду.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты