Кыргызстанда бир жума ичинде 29 адамдан коронавирус аныкталды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 20-26-июнь аралыгында 29 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Илдетти жугузгандарын көбү Бишкектен:

Бишкек – 21;

Нарын облусу – 4;

Ысык-Көл облусу – 2;

Ош облусу – 1;

Ош шаары– 1.

Бир адам ооруканага жаткырылып, абалы орточо оор деп бааланууда.

Ал эми 6-13-июнда COVID-19дун 12 жаңы учуру, 13-19-июнда 7 учур катталган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19дун 201 миң 53 учуру катталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты