Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде Садыр Жапаров атындагы көчө пайда болду

  • 2 года мурун

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде Садыр Жапаров атындагы көчө пайда болду. Бул тууралуу Temirov LIVE командасынын журналисттери билдирди.

Temirov LIVE командасы билдиргендей, «Садыр Жапаров көчөсү» деген жазуу илинген көчө Рухий-Мурас жаңы конушунун артында жайгашкан. Журналисттердин маалыматы боюнча, көчө жайгашкан жердин расмий аталышы жана андагы үйлөрдүн кадастрдык номери жок.

darek.kg сайты Кыргызстанда Садыр Жапаров атындагы көчө жок экенин көрсөткөн.

Бишкектин чеке белинде жалпы элүүгө жакын жаңы калктуу конуш бар. Мындай жайларда толук инфратүзүм жок. Айрым жерлерде мектеп же жол эмес, электр жарыгы толук тартыла элек.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2005-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты