Парламентте Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү ант берди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлары Адылбек Касымалиев менен Бакыт Төрөбаев ант берди.

Президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрүнүн ант бериши менен куттуктап, ишке ыкчам киришүүгө чакырды.

«Акылбек Жапаров башында турган Министрлер Кабинетинин иш ыргагына, темпине кошулуп, аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн арттырууга ыкчам киришкиле. Сиздердин тажрыйбаңыздар жетиштүү деп ишенем. Ошол эле маалда кураторлук кылган тармактарыңар боюнча талап дагы катуу болорун эскертип коеюн. Бүгүнкү күндө жаңы келип, ишке көнүшүп, бара-бара аралашып, сыноодон өтүүгө убакыт да, шарт да жок. Заманыбыздын талабы дал ушундай болуп жаткан кез», — деди президент.

Мындан тышкары ал жакынкы күндөрдө өкмөттүн жыйыны өтөрүн, анда министрликтер жарым жылдык отчетторун берерин кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты