Бишкектен «Манас» аэропортуна атайын автобустар каттай баштады

  • 2 года мурун

«Манас» аэропортунан Бишкекке чейин экспресс кичиавтобустар каттай баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда 12 маршруттук такси каттамга чыкты. Алар «Манас» аэропортунан Бишкекке чейин жана Бишкектен аэропортко чейин жарым сааттык аралык менен күнү-түнү каттайт. Кичиавтобустар шаардын борбордук көчөлөрү менен жүрүп, түштүк кичирайондорго чейин барат. Жол кире акысы — 150 сом.

Бул автобустарды аталган фонддун туунду компаниясы тейлеп, уюштурат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты