Кыргыз авиациясы—85 жашта

Кыргыз авиациясы--85 жаштаЭртең, 7-октябрда, Кыргызстандын жарандык авиациясы 85 жашка чыгат. Анын урматына “Манас” аэропорту кесипкөй сүрөтчү жана операторлорду, сүрөткө тартууну сүйүүчүлөрдү споттинг иш-чарасына чакыраарын аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз авиациясы 85 жашка чыгат. Кыргыз жарандык авиациясын уюштуруу чечими 1933-жылдын 7-октябрында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин токтому менен кабыл алынган.

Мына ушул  салтанаттуу күнгө карата “Манас” аэропорту кесипкөй сүрөтчү, оператор жана сүрөткө тартууну сүйүүчүлөрдү споттинг-иш чарасына чакырат. Иш-чара 2018-жылдын 13-октябрында  “Манас” аэропортунда өтөт. Анда катышуучулар аэропортто самолеттун учуп жана-конгон учурларын, токтогонун, жолдордон, перрондон. аэровокзалдан эң сонун кадрларды тартып алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Катышууну каалагандар [email protected]Б дарегине, аты-жөнүн, паспортунун маалыматтарын, жашаган жана иштеген жерин, мурда тарткан сүрөттөрүнүн шилтемесин, тарта турган аппаратын көрсөтүп, телефон номерлерин бериши жана сүрөттөр каякка жарыяланарын көрсөтүшү  керек. Мыкты сүрөттөр “Манас” аэропортунун  сайтына, “Аэропорт Манас” журналына жарыяланат. Бул иш-чарага катышууга 18 жаштан баштап жарандар кайрылса болот. Арыздар 7-октябрга чейин кабыл алынат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты