Сеулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

  • 2 года мурун

Түштүк Кореянын борбору Сеулда Кыргызстандын Соода үйүнүн расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрлик тараткан маалыматта Соода үйү эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында ачылганы айтылат.

Маалыматка ылайык, Соода үйү Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин демилгеси, NAG Group компаниясынын президенти Гүлшайыр Надырбекованын жардамы менен ачылды.

Соода үйүнүн ачылыш аземине Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, Корея импорттоочулар ассоциациясынын (KOIMA) президенти Бён Кван Ким, Кыргызстандын Кореядагы ардактуу консулдары Ким Джон Гу жана Ким Хосонг, ошондой эле Кыргызстандын жана Кореянын жарандары катышты.

Соода үйүндө 23-июндан 25-июнга чейин «Import Goods Fair 2022» Эл аралык көргөзмөсүнө катышкан компаниялардын кийизден жасалган буюмдары, табигый бал, варенье жана башка продукциялары менен Кыргызстандын органикалык продукциялары коюлган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты