Шашылыш билдирүү: Эртең күн сууктайт
- 6 лет мурун
- Баяндар
Эртең, 7-октябрдан, баштан Кыргызстанда аба ырайы сууктайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
7-октябрда түштөн кийин өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында күн жааайт, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт. Батыштан соккон шамал 5-10 м/с, айрым жерлерде 18-23 м/с чейин жетет.Чүй, Талас облустарында абанын температурасы өрөөндүү жерлерде +15°С, , тоолуу райондордо +10+12°С, бийик тоолуу райондордо +3°С чейин түшөт.
8-10 октябрда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 м/с чейин жетет.
8-9-октябрда бир катар аймактарда абанын температурасы төмөндөйт: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +1+6°С, күндүз +10+15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүү жерлеринде түнүчүндө +8°С, күндүз +13°С чейин жетет, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоого жакын жана дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +1°С, күндүз +8°С, тоолуу райондордо түнкүсүң -1-6°С, күндүз +3+8°С, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн-7-12°С, күндүз 0+5°С чейин жетет.
9-10-октябрда Талас, Кемин өрөөндөрүндө , Чүй облусунун тоого жакын жерлеринде түнкүсүн -1-3°С чейин жетет.