Интерпол жетекчиси табылды

Интерпол жетекчиси табылды

Францияда Интерполдун президенти Мэн Хунвей жоголуп жаткандыгына байланыштуу тергөө иштери башталган. Акыркы маалыматтарда ал Кытайда кармалып, сурак берип жаткандыгы маалым болду.

“Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма” дегендей, бүт дүйнө жүзү жоголгон кишилерин издетип жаткан Интерпол уюмунун жетекчиси жоголду деп Францияда чуу түшүп калышты.

Россиялык булактар South China Morning Post таянып жазгандай, Интерполдун жетекчиси Мэн Хунвей 29-сентябрда Кытайга барганда, ал жактан кармалып жана тергөөдө сурак берип жүргөнү маалым болду. Анын Кытайда эмне үчүн кармалганынын себеби айтылган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты