Федерико Майор Ысык-Көл форумун эскерет

Федерико Майор Ысык-Көл форумун эскерет

Кыргызстанда Ысык-Көл форуму өтүп жаткан бул күндөрү  испаниялык акын-жазуучу, окумуштуу жана дипломат Федерико Майор Сарагоса өзү катышкан биринчи Ысык-Көл форуму жана Айтматов туурасында эскерүүлөрү менен бөлүшкөн катын Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматовго жолдогон. 

«Урматтуу Эльдар,
Чыңгыз Айтматов менин жашоомдогу эң маанилүү адам жана ошол бойдон дайыма сакталып калат. Ал адамдык баалуулуктарды сактоодо акылман жана эрктүү болгон. Мен Ысык-Көл форумун, өзгөчө Кыргызстандагы алгачкы жолугушууну эч качан унутпайм. Андан кийин көп жерлерден жолуктук. Ошондой эле мен аны Манастын миң жылдыгында көрдүм.
Менин жакында жарык көргөн „Келечек жөнүндө эскерүү“ китебимде сиздин атаңызга бир катар абзацтарды арнадым.
Учурдан пайдаланып Ысык-Көл форумуна жана Ага арналган ыр саптарымдын айрымдарынан үзүндү келтирүүгө уруксат этиңиз.
»Баардык гүлдөрдөн
айырмаланган бул жерде
сездим дагы күчүм менен
жөнөкөй жана ишенимдүү бул сөздөрдү жаздым:
Жолугуу, кол кармашып келечекке бирге баруу- чечими«
21-сентябрда Парижде мен ага:
“Мен үнүмдү көтөрөм
Күнүгө…
Качан сүйүү
Жер жүзүн ээлеп алмайын«, -деп жазгам
Манастын миң жылдыгында „Жалгыз чара — бул адамдар“.
Мен ошондой эле анын ЮНЕСКОнун башкы директору катары мага Кыргызстандын элчиси катарында ишеним грамотасын тапшырганын эстейм.
Ал 2008-жылы 10-июлда Нюрнбергде каза болду. Бирок ал биздин акылыбызда жана жүрөгүбүздө дайым сакталат», -деп жазылган Федерико Майордун катында.

  • Айта кетсек, Чыңгыз Айтматов демилгелеп өткөргөн биринчи Ысык-Көл форуму 1986-жылы өткөн.   Форумга катышкан дүйнө интеллектуалдарынын  арасында испанияоык акын-жазуучу, окумуштуу, дипломат Федерико Майор да болгон.   Анда Ысык-Көл форумунун катышуучулары ХХI кылымды согуш болбой турган, чыгармачылыктын кылымына айландыруу чкырыгы менен кайрылышкан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты