Жалал-Абадда жер титиреди
- 6 лет мурун
- Баяндар
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2018-жылдын 4-октябрында саат 23:02де Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Жаны-Жер, Жийде, Сузак, Арал, Күмүш-Азиз, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 баллга, Жалал-Абад шаарында жана Бекабад айылында 3 баллга, Ош шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!