УКМК: Кыргызстанга аткезчилик жол менен дары-дармек алып өткөн канал аныкталды

  • 2 года мурун

26-июнда Талас облусундагы «Чоң-Капка унаа жолу» көзөмөл өткөрүү бекетинде Кыргызстандын аймагына дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Өткөрмө бекетте “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны текшерген учурда үй буюмдарынын астына катылган 28 даана кутуча дары-дармек табылган. Бирок товарды тастыктоочу документтери болгон эмес жана дары-дармектерди ташуудагы шарттар аткарылган эмес.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты