Быйыл 57 бүтүрүүчү алтын сертификат алуу укугуна ээ болду

  • 2 года мурун

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) 57 бүтүрүүчү жогорку балл алып, алтын сертификат алуу укугуна ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, быйыл алтын сертификатты 221ден 235 баллга чейин топтогон бүтүрүүчүлөр алат.

Эң жогорку — 235 баллды Бишкек шаарындагы № 70-гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды.

Алтын сертификатка Бишкек шаарынан 35 окуучу, Ош облусунан 7 окуучу, Ысык-Көл облусунан 5 окуучу, Чүй облусунан 4 окуучу, Баткен облусунан 3 окуучу, Нарын облусунан 2 окуучу, Жалал-Абад облусунан бир окуучу илинди.

24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме дагы толукталышы мүмкүн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты