ЭӨА Баткенде жана Ысык-Көлдө суу чарба кызматтарын жакшыртуу үчүн 100 млн доллар бөлөт

  • 2 года мурун

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Баткен жана Ысык-Көл облустарында суу чарба кызматтарын жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин 27-июндагы жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн «Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапканын билдирди.

Макулдашууга ылайык, 100 миң доллардын 50 миң доллары грант түрүндө, калганы 38 жылга 0,75 пайыз менен насыя түрүндө берилет.

Келишим боюнча, бул каражатка Ысык-Көл районунун Кызыл-Суу, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарындагы суу түтүктөрүн, канализацияны жана тазалоочу курулмаларды реабилитациялоо жана куруу пландалууда. Ошондой эле Баткен облусунда жалпысынан 38 айылда үйлөргө суу туташтыруу, жаңы суу түтүктөрдү куруу жана калыбына келтирүү пландалган.

Мындан тышкары Карадарыя-Сырдарыя-Амудария дарыясынын бассейниндеги (Ош, Баткен облустары жана Жалал-Абад облусунун бир бөлүгү) үч ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоо каралган. Бул ирригациялык системалар 23 суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагындагы 28 000 га айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты