Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 3 млн доллар бөлөт

  • 2 года мурун

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 3 миллион доллар грант бөлүп берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, министрлик бул каражатка транспорт каражаттарын сатып алууну көздөп жатат.

«Гранттын 1 млн. долларына 70 санитардык автотранспорт алынат. Анын ар бирине орто эсеп менен 14 285 доллардан каралган. Алар тоолуу райондорго берилсе жакшы болмок. Анткени региондордогу техникалар эскирип, абалы начарлап атат. Калган 2 млн. долларга 40 реанимобиль алабыз. Анын ар бири 50 миң доллардан болот”.

Жаркынбек Касымбековдун сөзү боюнча, Бишкекте 500-600 миң адам жашаган учурда аларды 60 бригада тейлеп турган. Ушул тапта борбордо миллиондон көп киши бар. Бирок 45-50 гана бригада иштейт.

3 млн. доллар грантты Евразия өнүктүрүү банкы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду аркылуу берет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты