Билим берүү —артыкчылыктуу багыт

Билим берүү --артыкчылыктуу багыт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, Кыргызстандын агартуу тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо мындай деп айтылат.
—Бул күн ар бирибизге жылуу сезимдерди тартуулайт. Биздин жүрөгүбүзгө билим нурун салган мугалимдерибизге таазим этебиз. Билим дүйнөсүнүн ачкычы— мугалимде.
Чыныгы мугалим жаш муундарды билим менен гана сугарбастан, адамдык мыкты сапаттарга үйрөтөт, турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Мугалим — тарбия башаты.
Өлкөнүн өнүгүүсү сапаттуу билим менен бекем байланышкан.

Мамлекеттин саясатында билим берүү — артыкчылыктуу багыт. Өлкөбүздө мугалимдин эмгегин татыктуу баалап алууга аракеттер тынымсыз жүрүп келет. Мугалимдердин коомдук кадыр-баркын, статусун бекемдөө менен гана билимдин сапатына жетишебиз.
Урматтуу мугалимдер, мындан ары да сиздер эгемендүү Кыргызстандын татыктуу жарандарын калыптандырууга өз салымыңыздарды кошо бересиздер деп ишенем.
 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты