Губернаторлорду, акимдерди жоюу сунушу айтылды (Видео)

Губернаторлорду, акимдерди жоюу сунушу айтылды (Видео)Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов облустардагы өкмөттүн өкүлчүлүктөрүн жана район акимдерин жоюу керек деген оюн билдирди.

«Алардын ар биринде кайчылары бар, бир обьекти ачылса лента кескенди эле билишет, жогорку кызматтагы аткаминерлерди тосуп алып, кайра узатат, шайлоолордо бийликтин саясатын жүргүзөт. Элге каршы иштейт, бюджеттин акчасын жейт. Аларды жоюп таркатыш керек!, — деди депутат.

Кыргызстанда 44 район акими жана ар бир облуста өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бар.

Депутаттын пикиринде, Премьер-министр айыл өкмөттөр менен түзмө түз иштегенде гана аймактар өнүгөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты