Павел Хрипунов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

  • 2 года мурун

Президенттин кеңешчиси Павел Хрипунов кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Павел Хрипунов бул кызматка 2021-жылдын ноябрында дайындалган. Ага чейин президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

Хрипунов Президенттин алдындагы санариптештирүү боюнча байкоочу кеңештин мүчөсү.

Ал 1977-жылы 13-октябрда Ош облусунун Айдаркен айылында төрөлгөн. 2001-жылы Москва мамлекеттик курулуш университетин «өндүрүштүк жана жарандык укук» багыты боюнча аяктаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты