Атамбаев: Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө Ташиев өзү кызыкдар болбогонуна ишенем

  • 2 года мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана “Айылбанктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тиешеси жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Новые лица» басылмасына курган маегинде билдирген.

«Менин көз карашымда, Марат Казакпаевдин өлүмүнө аны ден-соолугунун начар экенинен карабай бир жылдан ашык камакта кармаган тергөөчүлөр, прокурорлор жана судьялар күнөөлүү. Эгер азыр алар жоопкерчиликке тартылбаса, коомдо буйрук бийликтен келген деген ишеним күч алат.

Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча дагы көп суроо бар. Бирок бул жакта дагы Ташиев өзү кызыкдар болбогонуна ишенем», — деген Атамбаев.

Ал Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн комиссияга маркумдардын туугандары дагы кириши керек деп эсептерин кошумчалаган.

44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен кармалган.

Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан.

Президент Садыр Жапаров Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты