Индонезия: Кырсыктан каза болгондор көбөйдү
- 6 лет мурун
- Баяндар
Индонезиянын Сулавеси аралында 28-сентябрдан бери бир нече ирет болгон ири жер титирөө жана цунамиден каза болгондор 1 миң 424 кө жеткенин, дагы 113 киши дайынсыз болуп жатканын ТАСС билдирди.
2,5 миң киши жаракат алып, 70 миң киши үйлөрүн таштап кеткен.
Сулавеси провинциясында 28-сентябрда магнитудасы 7,4 ге жеткен жер титирөө болуп өткөн. Жердин титиреши эки күн уланып, 170 жолу болгон. Андан кийин толкуну 3-5 метрге жеткен цунами жүргөн.
3-октябрда да магнитудасы 4,8 ге жеткен жер титирөө катталган.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!