Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин ИИМге өткөрүп берди

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин иши Башкы прокуратуранын карамагынан Ички иштер министрлигине өткөрүлдү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда жемкорлукка шектелип кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон.

Кийин президент Садыр Жапаров кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн. Башкы прокурор Курманкул Зулушевди жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен. Мындай чечимге эки чиновниктин ортосунда түзүлгөн жеке мамиле себеп болгону айтылган.

16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарган. Ошол эле күнү Курманкул Зулушев кайра өз милдетин аткарууга киришти. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты