Президент региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кеңешме өткөрдү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 23-июнда региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кеңешме өткөрдү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеде аймактардын алдында турган тапшырмалар менен жакынкы мезгилдеги пландар, ылдам чечүүнү талап калган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы аткаруу тартиби аксап жатканын белгилеп, конкреттүү багыттар боюнча президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана район акимдери менен айыл өкмөт башчыларынын чабал ишинин айрым учурларына токтолду.

Садыр Жапаров жер-жерлерде туризмди өнүктүрүү зарыл экенин белгилеп, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен тыгыз иштешүү керек экени билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты