“Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 22-июнда “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

“Мыйзам өлкөнүн бардык аймактарында видеокамералар менен жабдылган юридикалык жана жеке жактарга иш алып барган объекттерге тиешелүү. Бул өлкөдө кылмыштын алдын алууда кошумча чараларды түзүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү бийликтин сунушу менен видеокамера орнотулушу керек деген уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин тизмесин бекитет”,- деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жогорку Кеңеш бул документти 11-майда кабыл алган.

Кыргызстанда “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамы алгач 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык коомдук жайларды (аянттар, базарлар, сейил бактар, гүлбакчалар, автожолдор жана башка), өнөр жай, өндүрүш имараттарын, курулуштарды, ошондой эле машине токтоткон жайларды, кооперативдик гараждарды сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдуу жол-жобосу каралган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты