Садыр Жапаров мамкызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчысынын куттуктоосунда мамлекеттик башкаруу тутумунда жана заманбап мамлекетти курууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин орду чоң экени белгиленген.

«Элибизге ыңгайлуу шарттарды түзүү, аларды социалдык жактан колдоо – мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү. Мына ошол саясатты жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Конституциянын үстөмдүгү, кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана демилгелүүлүк принциптеринин чегинде иш алып барат», — деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө баарына бирдей шарттарды камсыз кылуу, кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү жана карьералык өсүү үчүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүн жөнгө салуучу бир катар жаңы ченемдик укуктук актылар кабыл алынганын кошумчалаган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге жакын.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты