Аткаминерлерди “Джип” менен гана тосуш керек

Аткаминерлерди  “Джип” менен гана тосуш керек

Жакында Ош облусуна барган аткаминерлердин талабы боюнча аларды «жип» машиналары менен тосуп алышты. Башка «Волга» же «Жигули» сындуу автомашиналар жарабайт экен. Аларды кымбат ресторандарда тамактандыруу керек. Өкмөт мындай маселеге жакшылап көӊүл бурушу керек деп депутат Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ЗАГСтардан ижарага автомашина жалдоого аргасыз. Жанында акчасы жок болсо, карызга тамактандырышат. Алардын акысын кийин ким төлөйт? Албетте, карыз алган адам. Мамлекеттик кызмат адамдарынын этикасына кайрадан кайрылууга аргасызбыз», — деди депутат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты