Мамбеталиеванын айтканы туура чыкты

Мамбеталиеванын айтканы туура чыкты

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциядагы мыйзам бузуу тууралуу кайрылууда айтылгандар кандайдыр бир деңгээлде туура чыкканын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы билдирди.

Кызматкерлерге сыйлык жана материалдык жардам берүүдө мыйзам бузулган. Алсак, 2016-жылы майрамдарда  5 178 936 сом сыйлык катары төлөнгөн. 2017-жылы да  2 030 666 сом сыйлык катары төлөнгөн. Сыйлыктын жалпы суммасы  — 7 209 602 сомду түзгөн.

Укук актыларын бузуу менен үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерге материалдык жардам катары 2016-2017-жылдары — 3 625 691 сом бөлүнгөн.

Кызматкерлердин өздүк карточкасына айлыктан  ашык каражат которулуп,  кассадан да накталай берилген. 2018-жылдын 1-сентябрына карата борбордук аппарат кызматкерлерине маянадан ашыкча 396113 сом төлөнгөн.

Белекке  45 000 сом мыйзамсыз берилип, аны алуу-бөлүп берүү туурасында документтери жок болуп чыккан.

Экотехмаминспекция тарабынан камсыздоочуларга 1 167 335 сом которулган менен конкурстун негизинде тапшырылган товарлардын 796450 сомун гана түзгөн.  Мындай жол менен камсыздоочунун эсебине 370885 сом ашыкча которулган, ал эми (өз убагында тапшырбагандыгы үчүн)  айып санкцияларын эсепке алганда республикалык бюджетке 394800 сом кайтарылууга тийиш.

Формалык кийим сатып алуу жана  бөлүп берүүдө  мыйзам  бзулган.  2016-2017 жылдарга жана 2018-жылдын январь–сентябрь айларында республикалык бюджеттин эсебинен ведомстволук  кийим  кийүү каралбаган  кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлерине (иш кагаздар менен иштөөчү адис, башчынын катчысы, айдоочу) финансылык-экономикалык башкармалыктын 45 кызматкерине 268 055 сомго формалык кийим сатып алынды делген.

Комиссия тарабынан Экотехмаминспекцияда мамлекеттик жарандык кызмат боюнча мониторинг жүргүзүлүп, мыйзамды одоно бузуулар аныкталган.

А.Мамбеталиеванын кайрылуусунда айтылган Экотехмаминспекциядагы мыйзам бузуулар, анын ичинде финансы жана кадрлар менен иштөөдөгү кемчиликтер, кандайдыр бир деңгээлде аныкталды.

Эскерте кетсек, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ал кездеги  басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева мекемедеги коррупция тууралуу айтып, 22-августта инспекция жетекчисинин кабинет алдына отуруп каршылыкка чыккан жана өлкө башчысына кайрылуу жолдогон.

Андан кийин ал ошол акциясы үчүн кызматынан бошотулган. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия А.Мамбеталиева кызматтан мыйзамсыз алынганын белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты